Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ырайымсыз, аялга катаал. Кызыл камчы шыпайдар («Семетей» С. К.). – О, кызыл камчы зулум, мен саа аяш белем?! Мындай каардуу кызыл камчыны ким көргөн (Сыдыкбеков). – О кудай урган келесоо, деле камчысынын кызылын кантесиң (Акматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аябай сабоо, уруу, таяктоо. Шадыбек анын колу-бутун таңдырып көйнөкчөн көмөрөсүнөн жаткырып коюп, өзү чарчаганча кызыл камчыга алды (Каимов). Кыз да болсо аябай, Жигиттер, кызыл камчыга алгыла («Олжобай менен Кишимжан»),

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай сабоо, уруу, таяктоо. Шадыбек анын колу-бутун таңдырып көйнөкчөн көмөрөсүнөн жаткырып коюп, өзү чарчаганча кызыл камчыга алды (Каимов). Кыз да болсо аябай, Жигиттер, кызыл камчыга алгыла («Олжобай менен Кишимжан»).